Кениянын курама командасы Эбола вирусуна байланыштуу Бишкекке келе албай калды


Кениянын футбол боюнча курама командасы Бишкекте өтө турган беттешке Эбола вирусуна байланыштуу келе албай калды.

Ал жакта вирус күч алып, аба каттамдары үзгүлтүккө учуроодо.

Кыргызстан — Кения беттеши июнда өтүшү керек эле. Эми кыргызстандык футболчулар Палестинанын курамасы менен эки оюнга чыгат (6 жана 9-июнь).

Беттешке билет алгандар 1-июндан 3-июнга чейин операторго кайрылып, акчасын кайтарып алса болот.