Башкы прокуратура чет мамлекеттердин органдары менен жүргүзүлгөн кызматташуунун натыйжасында Н.А. жана Р.А. аттуу кыргызстандыктар Таиланд Падышалыгынан алып келинди. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. Алар учурда тергөө абагында.
Шектүүлөр чет өлкөлүк адамды өлтүргөндүгү үчүн айыпталып жаткан.
Эске салсак, апрелде Арчалы айылында чет элдик жарандын сөөгү табылган. Милиция буга байланыштуу төрт шектүүнү, анын ичинде маркум менен чогуу жашаган аялды да кармаган.

