Ысык-Көлдөн бир айда 132 миң метрге жакын тор чыгарылды


Май айында Ысык-Көлдүн акваториясынан жалпы узундугу 131 миң 900 метрди түзгөн эски синтетикалык браконьерлик торлор чыгарылды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын Туристтик-экологиялык милициясынан билдиришти.

Алынган торлор таштандыны кайра иштетүүчү заводго жеткирилип, утилдештирилди. Муну менен катар суу алдындагы жана жээк тилкелерин таштандылардан тазалоо иштери кошо жүргүзүлдү.

Бул иш-чаралар президенттин Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо жана балык уулоого мораторий киргизүү жөнүндөгү жарлыктарынын алкагында аткарылууда.

Милиция көлдүн тазалыгын сактоо багытындагы рейддерди мындан ары да улантат жана жарандарды жаратылышка аяр мамиле кылууга чакырат.