Лейлекте суткасына 1200 куб метр газоблок өндүргөн заманбап завод иштейт


Автоклавдык газоблок Лейлек заводу – заманбап технологиялар менен жабдылган, курулуш материалдарын өндүрүүчү ири өнөр жай ишканаларынын бири. Заводдун негизги багыты – жогорку сапаттагы автоклавдык газоблокторду өндүрүү.

Заводдун суткалык өндүрүштүк кубаттуулугу 1 200 куб метр автоклавдык газоблокту түзөт. Бул көрсөткүч ишканага курулуш тармагын сапаттуу продукция менен үзгүлтүксүз камсыздоого мүмкүндүк берет.

Автоклавдык газоблок өндүрүүдө
немис технологиясы колдонулуп, бардык өндүрүш процесстери автоматташкан. Натыйжада эл аралык сапат стандарттарына жооп берген, бекем жана экологиялык жактан таза автоклавдык газоблоктор чыгарылат.

Завод экологиялык жактан таза чийки заттарды пайдаланат жана сапатты катуу көзөмөлдөө системасына ээ. Ишкананын өзүнүн заманбап лабораториясы бар болуп, өндүрүлгөн продукциянын ар бир партиясы физикалык жана техникалык көрсөткүчтөр боюнча текшерүүдөн өткөрүлөт.

Автоклавдык газоблоктор жеңил салмагы, жогорку бекемдиги, жылуулукту мыкты сактоо жана үн өткөрбөө касиеттери менен айырмаланып, турак жайларды, көп кабаттуу имараттарды, социалдык жана өндүрүштүк объекттерди курууда кеңири колдонулат.

Лейлек автоклавдык газоблок заводу жаңы жумуш орундарын түзүү, аймактын өнөр жай потенциалын жогорулатуу жана өлкөнүн курулуш тармагын ата мекендик сапаттуу продукция менен камсыз кылуу аркылуу Кыргыз Республикасынын экономикасынын өнүгүшүнө олуттуу салым кошуп келет.