4-июндан 6-июнга чейин Кыргызстанда Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлеринин жыйыны өтөт.
Буга байланыштуу Бишкекте жолдун айрым тилкелеринде унаа кыймылына чектөөлөр киргизилет.
- Фучик көчөсүнөн Васильевский трактына чейин (“Манас” эл аралык аэропортунун жолу);
- Чүй проспектисинен Манас проспектисине чейин;
- Манас проспектисинен “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясына чейин;
- Байтик баатыр көчөсү.

