БШКнын жаңы төрагасы жана анын орун басарлары шайланды


Бүгүн, 3-июнда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы курамынын биринчи жыйналышы өттү.
Жыйналышты БШКнын жаш курагы боюнча улуу мүчөсү Мамырова Бөдөш Аманбаевна ачты.
“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, КР Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын курамы 8 мүчөдөн турат.
Ошондой эле аталган конституциялык Мыйзамга ылайык, биринчи жыйналышта төрага жана анын орун басарлары шайлоо тартибинде тандалат.
БШК мүчөлөрүнүн ачык добуш берүүсүнүн натыйжасында Шайназаров Тынчтык Урайимович 8 добуш менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы болуп шайланды.
Ошондой эле Жакышов Русланбек Шергазиевич жана Лурова Лейла Хияновна бир добуштан Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басарлыгына шайланышты.