Жерде күчтүү жана узакка созулган магнит бороону башталат


Бейшемби күнү кечинде Жерде күчтүү жана узакка созулган магнит бороону башталат. Бул тууралуу Россиянын Илимдер академиясынын Космостук изилдөөлөр институтунун Күн астрономиясы лабораториясынан билдиришкенин РИА Новости жазды.
«Күндө бир нече күчтүү жарылуу болуп, андан бөлүнүп чыккан плазма булуттары Жерге жакындап калды. Мындан улам бүгүн кечинде (Москва убактысы боюнча) Жерде узакка созулган абдан күчтүү магнит бороону башталышы мүмкүн», — деп айтылат лабораториянын Telegram каналындагы билдирүүдө.
Күндөгү биринчи жана акыркы жарылуулардын ортосунда 10 сааттай убакыт болсо да магнит бороону токтобой, тынымсыз уланат. Окумуштуулардын айтымында, Күндөн кийинчерээк атылып чыккан толкундар Жерге жеткенче алдыдагы плазма булуттарын кууп жетет. Натыйжада алар биригип, узундугу 200 миллион чакырымга жеткен чоң бир толкунду жаратат.
«Күндөн атылып чыккан газ булуту бизди көздөй түз келе жаткандыктан Жердин андан качып кутулушу мүмкүн эмес (математикалык эсептөөлөр боюнча, качып кетүү мүмкүнчүлүгү нөлгө барабар). Бирок иш жүзүндө мындай толкундар Жерди кыйгап өтүп кеткен учурлар да болгон», — дешти окумуштуулар.