Тагдыр: Жарым жылдан кийин апам баарын таштап кетип калды…


Апам 60ка чыкканда “Ажырашам» дегенинен, биз аны жинди болуп калды го дедик… 
Ал кезде мен 35те, байкем 38 жашта болчу.
Апам баарыбызды дасторкон үстүнө чогултуп, камырабай гана;
— Мен ажырашууга арыз берип жатам, — деди.
Байкем экөөбүз бири-бирибизди карап, нес болуп туруп калдык.
Атам 62де болчу. Экөө бир өмүр бою, тагыраагы кырк жылдан ашык чогуу жашады.
— Апа, эмне болгон ажырашуу? Бул жашта ажырашпай, небере багып, ошолордун жакшылыгын көрүш керексиңер да.
— Ушунча жыл чогуу жашагандан кийин деле ажырашмак беле?
— Сабыр кылып, чыдап койбойсуңбу эми, эмне калды өзү… — деп чурулдадык.
Ушул сөздөрдөн кийин апамдын жүзү кандай өзгөрүп кеткени ушул күнгө чейин көз алдымда.
Бизди тике карап, акырын гана сурады:
— Силер ушул өмүрүмдө бир жолу болсо дагы “Апа, сен бактылуусуңбу?» деп сурап койдуңарбы?
Биз унчукпай калдык.
Анткени, чынында эле эч качан сураган эмеспиз.
Биз үчүн апам болгону гана “апа” болчу.
Тамак жасаган, кир жууган,неберелерин карашкан,чакырсаң эле жетип келген бир жан эле.
А бирок, ал дагы аял экенин, анын дагы жүрөгү, сезими бар экенин оюбузга да албаптырбыз.
Ошондо апам ондогон жылдар бою ичине катып, сыр бербей келген арманын төктү.
Атамдын аны жылдап кантип кордогонун,
кантип анын кыялдарын мазактап, шылдыңдаганын, өмүр бою үй капасында жашап келгенин, тиричилик деп өмүрүнүн таттуу күндөрү өтүп кеткенин айтып берди.
Биз кичинекей кезибизде түнү бою кантип жаздык кучактап ыйлап чыкканын,
бирок, ар жолкусунда биз үчүн гана чыдап, кетпей калганын айтты.
— Мен үй-бүлө алдындагы милдетимди толук аткардым, — деди апам.
— Эми калган өмүрүмдү бактысыз өткөргүм келбейт.
Биз баары бир каршы болдук.
Кайра-кайра айнытканга аракет кылдык.
Күнөөлөдүк.
Ал тургай, таарынып, сүйлөшпөй да койдук.
Бирок, жарым жылдан кийин апам баарын таштап кетти. Чакан батирге көчүп алды.
Саякаттай баштады.
Бий ийримине жазылды.
Интернетти колдонууну үйрөндү.
Жана… көп жылдардан бери биринчи жолу жүзүнө күлкү кирди.
Чын жүрөктөн күлө баштады.
Бир жолу мен ага эскертпей эле кирип бардым.
Апам балкондо, колуна кофе кармап, батып бара жаткан күндү карап отуруптур.
Мен өмүрүмдө анын мынчалык бейпил, тынч отурганын көргөн эмесмин.
Мени байкап, минтип айтты:
— Билесиңби, мен өмүрүмдө биринчи жолу өзүмдү тирүү сезип жатам.
Дал ошол көз ирмемде менин ичим өрттөнүп, өзүмдөн өзүм уялдым.
Өмүр бою апам өзүн биз үчүн курмандыкка чалып келиптир. Эми гана ал өзү үчүн жашагысы келгенде, биз аны кылмышкердей көрүп, айыптап чыктык.
Азыр ал 67де.
Ал 60 жашында ажырашуу тууралуу кабыл алган чечими — анын жашоосундагы эң туура, эң акылдуу кадам болгонун айтат.
Жана билесиңерби?
Бул апамдын эң туура чечими болчу ❤️
Азыр мен ар бир апа жүрөгүндөгү тынчтыкка жолугуп, бакыттын чапанын кийсе деп калдым…
Которгон: Асель Жаныбек