Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Энергетика министрлигине 40тан ашуун атайын техниканын ачкычын тапшырды.
Минкаб төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков сөз сүйлөп, өлкө президенти Садыр Жапаровдун энергетика тармагына болгон өзгөчө көз карашы энергетикалык көз карандысыздыкты камсыздоого, ири долбоорлорду ишке ашырууга багытталганын белгилеп, президенттин саясатын ишке ашыруу жана элди үзгүлтүксүз жарык жана жылуулук менен камсыз кылуу үчүн министрлер кабинети бир катар багыттар боюнча тынымсыз иштерди алып барып жатканын билдирди.


