Чүйдө мурда соттолгон кылмыштуу топтун мүчөлөрү криминалдык идеологиядан баш тартышты


Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 4-июнда ыкчам каттоодо турган жана мурда уюшкан кылмыштуу иштерге катышкандыгы үчүн соттолгон адамдар менен профилактикалык иш-чара өткөрдү.

Комитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын имаратында мурда уюшкан кылмыштуу топторго катышкандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган же криминалдык чөйрөдө бейформал статуска ээ болгон 28 жаран менен алдын алуу маектешүүсү өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучуларга Кыргызстандын мыйзамдарынын талаптары, мыйзамдуулукту жана укук тартибин сактоо зарылдыгы эскертилди. Ошондой эле уюшкан кылмыштуу топторду жана коомдоштуктарды түзүү, аларга катышуу, кылмыштуу иштерди каржылоо, курал-жарактарды мыйзамсыз сактоо, мамлекеттик органдардын ишине кийлигишүү жана башка укукка каршы аракеттер үчүн кылмыш жоопкерчилиги түшүндүрүлдү.

Маектешүүнүн жыйынтыгында катышуучулар «уурулук түшүнүктөрдөн», криминалдык идеологиядан жана укукка каршы аракеттерге катышуудан баш тарта тургандыктарын билдиришти.