Бүгүн Бишкек – Балыкчы багыты боюнча жүргүнчү поезди жайкы туристтик сезонго карата каттай баштады.
Поезд Бишкектен саат 08:06да жолго чыгып, саат 12:37де Балыкчы шаарына жетет.
Белгилей кетсек, быйыл Бишкек – Балыкчы поездинин курамына ыңгайлуулугу жогору болгон эки кошумча модернизацияланган вагон кошулду.
Жалпысынан 14 вагондон туруп, алардын ичинен 6сы облус аралык стандарттуу вагон болсо, 8и заманбап талаптарга ылайык жаңыланган вагондор.
Бишкек – Балыкчы жүргүнчү поездинин графиги:
- 5-июндан 21-июнга чейин – жума, ишемби жана жекшемби күндөрү;
- 26-июндан 13-сентябрга чейин – күн сайын каттайт.

