6-июнга карата аба ырайы


Бүгүн өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй облусунда +26…+31, Таласта +23…+28, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +26..+31, Нарын регионунда +21…+26, Ысык-Көлдө +18…+23 градуска көтөрүлөт.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +28…+30, Ош калаасында +29…+31 градуска чамалап барат.