Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги кызыл китепке кирген жаныбарларды аткандар үчүн айып пулдун өлчөмүн эскертти.
Илбирс – 2 000 000 сом
Аркар-кулжа, марал, күрөң аюу, жейрен – 1 500 000 сом
Кызыл карышкыр, мадыл, сүлөөсүн – 50 000 сом
Эске салсак, жакында Суусамыр өрөөнүндө мыйзамсыз атылган кийиктин этин бышырып жаткан жеринен браконьер кармалып, иши тергөөгө өткөн. Министрлик аңчылык боюнча фактылар тууралуу 108 номерине купуя маалымат берүүнү өтүнөт.

