Нарын жана Ысык-Көлдө аба ырайынан улам мал кырылууда


Айыл чарба министрлиги билдиргендей, айрым фермерлер жүнүн кырккандан кийин эле койлорун бийик тоолуу жайыттарга айдап чыгышкан. Натыйжада жаныбарлар суукка урунган.

Министрлик малдын өлүктөрү жугуштуу оорулардын жайылышына жол бербөө үчүн белгиленген талаптарга ылайык жок кылынып жатканын белгиледи. Ошол эле учурда ведомство канча мал кырылганын так айткан жок.