Кыргызстанда Кызыл китепти жаңыртуу иши башталды. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Улуттук илимдер академиясы менен биргеликте өлкө боюнча кеңири илимий изилдөөлөрдү жүргүзөрүн билдирди.
Долбоордун алкагында окумуштуулар эки жыл бою изилдөө жүргүзүп, сейрек кездешүүчү жана жоголуп кетүү коркунучунда турган жаныбарлар менен өсүмдүктөрдү аныкташат. Буга жалпы 21 миллион сом каралып, жыйынтыгында жаңы Кызыл китептин басылышы үчүн илимий база даярдалат.
Учурда Кызыл китепте куштун 57 түрү, 23 сүт эмүүчү, 17 балык, сойлоочу жана жерде-сууда жашоочу жаныбарлар, курт-кумурсканын 18 түрү, ошондой эле өсүмдүктүн жана козу карындын 89 түрү кирген.

