Садыр Жапаров Бакыт Төрөбаевдин ыйгарым укуктарын кеңейтти


Президент Садыр Жапаров мамлекет башчынын өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлүнүн ишине тиешелүү 2025-жылдын 5-июнундагы №177 документке өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койду.
Өзгөртүүлөргө ылайык, атайын өкүлдүн ыйгарым укуктары кеңейтилди. Ал президенттин жарлыктарынын, тескемелеринин жана айрым тапшырмаларынын аткарылышына мониторинг жүргүзөт, ошондой эле ири тармактык долбоорлордун ишке ашырылышына көзөмөл кылат.
Атайын өкүлгө министрликтерге, административдик ведомстволорго жана башка мамлекеттик органдарга тапшырмаларды жөнөтүү укугу берилди.
Ошондой эле анын функцияларына көйгөйлүү маселелерди изилдөө жана мамлекеттик органдар тарабынан ыкчам чечимдерди иштеп чыгуу үчүн аймактардын тургундары менен жолугушууларды өткөрүү киргизилди.
Учурда президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү – Бакыт Төрөбаев.