10-июнга карата аба ырайы


Бүгүн өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +30…+35, Таласта +27…+32, Ысык-Көлдө +18…+23, ал эми Нарын регионунда +22…+27 градусту көрсөтөт.
Бул күнү Бишкек, Ош, Чолпон-Атада өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада +31…+33, Ошто +33…+35 градуска жетет. Ал эми Чолпон-Атада +20…+22 градус жылуу болот.