Кыргызстан-Палестина беттеши тең чыгуу менен аяктады


Кечээ, 9-июнда Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасы Палестинанын курама командасына каршы экинчи жолдоштук беттеш өткөрдү.

Оюн Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп, бул ирет да 0:0 эсебиндеги тең чыгуу менен аяктады.

Буга чейин курама командалар 6-июнда кез келип, ал беттеш голсуз тең чыгуу менен аяктаган.

Ушуну менен Улуттук курама командабыздын июнь айындагы окуу-машыгуу жыйындары жыйынтыкталды. Бул оюндар Кыргызстандын улуттук курама командасынын 2027-жылкы Азия Кубогуна даярдыгынын алкагында уюштурулду.

Белгилей кетсек, беттештерден түшкөн каражаттын бир бөлүгү Палестина элине гуманитардык жардам көрсөтүүгө багытталат.