Бишкекте мас айдоочу кириптер болгон кырсыктан беш машина кагышып, бир киши ооруканага түштү. Бул тууралуу ЖКККББ билдирди.
Окуя түндө саат 23:45 чамасында Алыкулов жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
Жол милициясы Mercedes Benz (аны айдап бараткан киши мас экендиги айтылды) алдыдагы Audi үлгүсүндөгү эки автоунааны сүзгөнүн билдирди. Алар Renault Logan жана Kia K7 үлгүсүндөгү машиналарга урунган.
Кырсыктын кесепетинен Kia K7 автокөлүгүндөгү жүргүнчү жаракатынан улам ооруканага кайрылган.

