Маалыматты Тез жардам борбору тастыктады. Окуя 10-июнда кечки саат 20:39 чамасында болгон. Дарыгерлер чакыруу боюнча барган учурда киши каза болуп калган.
Окуя Алапаев көчөсү, 4 дарегиндеги курулуп жаткан имаратта болгону айтылды. Учурда кырсыктын жагдайлары такталууда.

