Тагдыр: Бала төрөп берсем эле аялын таштайт го дегем…


Асылбек менен таанышканда жашым отуздан өтүп калган.
Өзүнө ишенген, иши жүрүшкөн, колу ачык, харизмасы бар мырза болчу.
Бирок, анын үй-бүлөсү бар эле.
Негедир жолугуп баштаганда эле мага үйүндөгү абалы начар экенин айта берчү:
— Бизде баары эчак бүткөн, балдар үчүн эле бирге жашайбыз, ортобузда эч кандай сезим калган эмес, эчак эле кетким келген, эптеп эле жашап жүрөм деди.
Мен анын ар бир сөзүнө үмүт байлап алып жашадым.
Мына ошондой сөздөрдөн кийин сүйүүбүз ысып, жалындай берди.
Кымбат баалуу белектер, бирге өткөн саякаттар, келечекке курулган таттуу пландар пайда болду.
Кийинчерээк боюмда бар экенин билдик, ал мени кучактап:
— Мына эми баары өзгөрөт, көрөсүң, — деди.
Жакын арада бирге болобуз деп өзүмдү ишендирдим.
Бирок, арадан айлар өттү, мен болсо көз жарып, уул төрөп бердим.
Ал болсо дагы эле өзүнүн заңгыраган чоң үйүндө, аялы жана үч баласы менен жашап жатты.
Акыры чыдамым түгөндү.
Анын аялы — Гүлнурдун номерин таап, чалдым. Ичимден “азыр кыйкырып-өкүрөт, ызы-чуу салат го” деп ойлогом.
Бирок телефондун ары жагынан укмуштуудай токтоо үн угулду.
— Ооба, сени билем, — деди ал.
Шаштым кетип;
— Билесизби?
— Албетте.
— Анан ушундай жашоого кантип чыдап жатасыз?
Ал бир аз күлүмсүрөгөндөй болду:
— Укчу, сиңдим, сени алдап жүргөн биринчи кыз эмессиң. Андайлар абдан көп болгон.
Жүрөгүм титиреп кетти:
— Бирок ортобузда бала бар…
— Андан эмне өзгөрүптүр? Ал сени тандап кетет деп ойлодуңбу?
Мен унчукпай калдым.
— Биздин сонун үйүбүз, бизнесибиз, үч балабыз бар. Ал үй-бүлөсүн эч нерседен кем кылбай багат. Мени баары канааттандырат.
— Бирок ал сизге кыянаттык кылып жатпайбы!..
— Эркектердин табияты ошондой экен, аны мен эбак кабыл алгам. Эң башкысы — кечинде үйүнө, мага кайтып келет.
Ушуну айтты да, коштошуп, телефонду коюп койду.
Колумдагы телефонду карап, делдиреп отуруп калдым.
Ошондо биринчи жолу ичиме коркунуч кирди. Себеби аялы аны эч качан коё бербесин түшүндүм.
Бирок дагы эле Асылбек мени тандайт деген үмүтүм бар эле.
Бир нече күндөн кийин ага шарт койдум.
— Мен мынтип жашай албайм. Же мени танда, же үй-бүлөңдү.
Ал мага узакка тиктеп турду.
Анан өтө муздак үн менен:
— Анда үй-бүлөмдү тандайм, — деди.
Кулагыма ишенбей кеттим:
— Эмне?..
— Мен үйдө калам.
— А менчи? Сенин уулуңчу?
Ал жөн гана ийинин куушуруп койду:
— Уулума жардам берип турам.
— Сен мага үй-бүлөмдөн кетем деп убада бербедиң беле?!
— Кечирип кой!
Колдорум калтырай баштады:
— Демек, ушул жылдардын баары калп беле?
Ал мага бейтааныш адамды карагандай карады:
— Укчу. Үйдө менин баардык катама чыдап, жанымда калган аялым бар. Үч балам, бизнесим, мээнет менен куруп алган жашоом бар.
Ал бир аз унчукпай туруп, өмүр бою кулагымдан кеткис сөздөрдү айтты:
— Сенин ордуңду баса турган кыздар дагы толтура табылат. Ал эми мындай аялды табуу кыйын.
Дем ала албай калдым.
— Ошондо мен сенин жашооңдо эч ким эмес экенмин да?
— Эгер ушинтип кээде гана жолугуп турууга макул болсоң — уланталы.
— Ал эми макул болбосомчу?
Ал кайдыгер гана:
— Анда кош айтышабыз, — деди.
Ошол күнү мен кеттим.
Ызы-чуусуз. Каргап-шилебей. Жыгылып ыйлабай.
Көп жылдар бою көргүм келбеген чындыктын жолун көрдүм.
Ал эч качан мени менен аялынын ортосунда тандоо жасаган эмес. Анткени анын жашоосунда тандоо деген маселе такыр болгон эмес.
Ал аялын — ыйык үй-бүлөм деп билген.
Ал эми мени — жашоосуна керектүү, убактылуу гана бир эрмек катары көргөн.
Баарынан да анын үйүндө калганы эмес, башынан эле мен үчүн кетүүгө ниети жок эркекти зарыгып күтүп, өмүрүмдү коротконум үчүн ичим өрттөнүп кетти…

Кыздар, башканын дубалын уратам дебей, өзүбүздүн пайдубалды орнотолу! Бирөөнүн кайгысынан эч качан бакыт курулбайт!

Автор: Асель Жаныбек

Бул макала “Kadam-media.kg” маалыматтык порталынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазуу жүзүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.