Садыр Жапаров “Жогорку Кеңештин депутатынын макамы жөнүндө” мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө 12-июнда кол койду. Ага ылайык, депутаттарга бош убактысында педагогикалык, илимий жана чыгармачылык ишмердүүлүк менен алектенүүгө уруксат берилет.
Мыйзамда билим берүү, илим жана чыгармачылык жаатындагы депутаттардын ишмердүүлүгүнө аныктама берилип, ал үчүн сый акы алууга укуктуу экени так көрсөтүлгөн.

