Мамлекеттик камсыздандыруу уюму толугу менен КР президентинин иш башкармалыгына өттү


КР Каржы министрлиги «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААКсынын акционерлеринин курамынан толугу менен чыкты. Акциялардын 100% пакети Кыргыз Республикасынын президентинин иш башкармалыгына өткөрүлдү. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасында маалымдалды.

Баалуу кагаздардын ээлеринин реестриндеги өзгөртүүлөр 2026-жылдын 11-июнунда катталган. Бүтүмгө чейин Каржы министрлигине 11 млн 443 миң 518 жөнөкөй акция таандык болгон, анын суммасы 1 млрд 144 млн сомго барабар. Өткөрүп берүүдөн кийин министрликтин Госстрахтагы үлүшү нөлгө түштү. Активдер мамлекеттик мүлктү башкаруу түзүмүн оптималдаштыруу алкагында өткөрүлгөн.