«Бала ырысы» жөлөк пулуна арызды «Түндүк» аркылуу берсе болот


Үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан тартып Кыргызстанда «Бала ырысы» ай сайын берилүүчү жөлөк пулду дайындоо үчүн арыздарды электрондук форматта тапшыруу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

Маалыматка ылайык, арыздар «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу кабыл алына баштайт.

«Бул ата-энелерге эч жакка барбай, үйдөн чыкпастан эле уюлдук телефон аркылуу жөлөк пулга арыз толтурууга жана тиешелүү документтерди электрондук түрдө жөнөтүүгө шарт түзөт», — деп айтылат маалыматта.