Айтымында, кыз курулуш компаниялардын биринде котормочу болуп иштейт. Артынан ээрчип, сөз айтып жүргөн Л.Ю. кыз баш тарткан соң орой мамиле жасап, басынта баштаган.
Жабырлануучунун айтымында, чет элдик киши кыздын жанынан өтүп баратып ага түкүрүп жиберген. Кыз дагы ага жооп кылып түкүргөндөйн кийин сабалганын жазган.
Милицияга арыз жазылган, бирок кол салган кишини кое берип жиберишкени дагы белгиленген.
Облустук милиция кыз арыз менен кайрылганын тастыктап, тергөөгө чейинки текшерүү жүрүп жатканын кабарлады.
Ошондой эле 46 жаштагы Л.Ю. жана күбөлөр суракка алынып жатканын кошумчалады.

