Май куюучу жайларда спирт ичимдигин сатууга тыюу салуу сунушталды


Өлкөдө май куюучу жайларда алкоголдук ичимдик сатууга тыюу салуу сунушталды. Жогорку Кеңештин депутаты Медер Чотонов демилгелеген мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Демилгенин максаты — мас болуп унаа айдоону алдын алуу жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу. Документтин негиздемесинде белгиленгендей, мындай чектөөлөр эл аралык практикада колдонулуп, өз натыйжасын берип келет.
Учурдагы мыйзамда алкоголдук продукцияны сатууга тыюу салынган жерлердин тизмеси бар. Бирок ага май куюучу жана газ куюучу станциялар кирген эмес.