УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жана дагы жети адамга карата кылмыш иши кайрадан жабык режимде каралат. ЖМКлардын маалыматына караганда, 22-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда прокурорлор ишти жабык кароо боюнча өтүнүч келтирип, сот аны канааттандырды.
Буга чейин ишке жашыруун макам берилгендиктен, отурумдар коомчулук жана басма сөз үчүн жабык өтүп келген. 11-июнда жактоочунун өтүнүчү менен сот ачык режимге чыгарылып, 15-июндагы отурумга журналисттер катышкан. Бул иш боюнча Ташиевден тышкары дагы жети адам өтүүдө, алардын арасында Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Нурланбек Тургунбек уулу жана экс-депутат Курманкул Зулушев бар.

