Токтогул районунун Торкен айылында жарым фабрикат өндүрүүчү чакан ишкана ачылды. Аталган цехти жеке ишкер Тилек Коңурбаев түптөдү.*
Жаңы ачылган ишкана «Сиз үчүн» аталышындагы соода маркасы алдында өз продукцияларын чыгарып, жергиликтүү калкты сапаттуу жана жеткиликтүү азык-түлүк менен камсыз кылууну максат кылууда.
Учурда цехте 10 кыз-келин туруктуу жумуш орду менен камсыз болуп, алардын үй-бүлөлөрүнүн социалдык абалын чыңдоого салым кошулууда. Мындан тышкары, ишкананын келечектеги пландарында өндүрүш көлөмүн кеңейтүү, жумуш орундарын көбөйтүү жана продукция менен бүтүндөй районду камсыз кылуу максаты коюлган.

