Өзбекстандын эки айылы эли менен Кыргызстанга кошулду 


Өзбекстан менен чек араны демаркациялоо иштеринин алкагында мурда Фергана облусуна караштуу болгон Чоңгара жана Таш-Төпе айылдары Кыргызстанга өттү.

Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдиргендей, аталган айылдарда болжол менен 2500 адам жашайт. Алардын басымдуу бөлүгү этникалык кыргыздар. Айыл тургундарын каттоо иштери жүргүзүлүп, аларга Кыргызстандын жарандыгы берилет.

Ошондой эле чек араны тактоо алкагында Сай айылынан Таян айылына чейин жол куруу үчүн 236 гектар жер алмашылган. Натыйжада баткендиктер Баткен шаарына жетүү үчүн мурдагыдай 225 чакырым айланып жүрбөстөн, жаңы жол менен 55 чакырым гана жол басышат.