24-июнга карата аба ырайы


Бүгүн күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 27…32, Талас облусунда 25…30, Ысык-Көл жеринде 23…28, Нарын өрөөнүндө 19…24, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 30…35 градус ысык болот.
Абанын табы Бишкекте 30…32, Ош калаасында 32…34, Чолпон-Ата шаарында 23…25 градуска жетет.