Мамлекеттик ипотекалык компания Бишкек, Ош шаарларында жана облустук борборлордо турак жай курууну токтотот. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Нарын облусунун тургундары менен жолугушууда билдирди.
Анын айтымында, МИКтин ресурстары эми айылдарда, район борборлорунда жана чакан шаарларда курулушка багытталат. Президент аймактарда да жеткиликтүү батирлерге суроо-талап жогору экенин белгилеп, мындай кадам ички миграцияны азайтууга жана жергиликтүү инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жардам берерин айтты.

