УКМК: Улуттук университетте студенттерден пара талап кылган менеджер кармалды


Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Ж. Баласагын атындагы КУУнун «ЭуМ» (Э.у.М.) аттуу курс менеджери тарабынан системалуу түрдө пара алуу фактылары аныкталды.

Маалыматка ылайык, «ЭуМ» мамлекеттик билим берүү мекемесинин кызматкери болуп туруп, мыйзамсыз байуу максатында бүтүрүүчү студенттерге кысым көрсөткөн. Ал мамлекеттик экзамендерге кирүү үчүн жасалма тоскоолдуктарды жаратып, кийин ал акча каражаттарын Ж. Баласагын атындагы КУУнун окутуучуларына жана жооптуу кызматкерлерине өткөрүп берип турган.

Жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын жыйынтыгында «ЭуМ» кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына (УКЖ) киргизилди.

Учурда бул мыйзамсыз иштерге катыштыгы бар жогорку окуу жайдын окутуучулар курамындагы жана администрациясындагы башка адамдарды аныктоого багытталган тийиштүү тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.