Таласта бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды


Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Талас облусу боюнча аймактык башкармалыгы мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен социалдык объекттерди мамлекетке кайтаруу багытында тиешелүү иштерди жүргүзүүдө.
🔷Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Президентинин 1995-жылдын 16-февралындагы № ПП-37 Жарлыгына ылайык, Бакай-Ата районуна караштуу Боо-Терек айылынын Кан-Арык көчөсү №1 (азыркы Атай көчөсү) дарегинде жайгашкан мурдагы бала бакчанын имараты боюнча соттук териштирүүлөр жүргүзүлгөн.
🔷Жыйынтыгында Бакай-Ата районунун Боо-Терек айыл өкмөтүнүн бала бакча имаратын муниципалдык менчикке кайтаруу тууралуу доо арызы канааттандырылып, жергиликтүү соттор тарабынан чыгарылган чечимдерди Кыргыз Республикасынын Жогорку соту күчүндө калтырды.
🔷Аталган чечим социалдык багыттагы объекттердин мыйзамдуу укуктук макамын калыбына келтирүүгө жана мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоого багытталган иштердин маанилүү жыйынтыгы болуп саналат.