Жайытты тебелеген айдоочуларга айып салынды


Ысык-Көл облусундагы Кырчын жайлоосунда өткөрүлгөн рейд учурунда унаа менен жайыт жерлерин тебелеткен фактылар аныкталды.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, буга байланыштуу Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык 6 жаранга протокол түзүлүп, жалпысынан 33 миң сом айып пул салынды.

Белгиленгендей, жайыттарды мыйзамсыз тебелеп-тепсөө жана бузуу фактылары үчүн мыйзамга ылайык административдик жоопкерчилик каралган. Эреже бузгандарга 5 500 сомдон 20 миң сомго чейин айып пул салынышы мүмкүн.