Кегети капчыгайында сууга агып кеткен 6 жаштагы баланын сөөгү табылды


Чүй районундагы Кегети капчыгайында сууга агып кеткен 6 жаштагы баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Эске салсак, 23-июнь күнү Кегети капчыгайында Фольксваген Пассат үлгүсүндөгү унаа сууга түшүп кетип, ичиндеги 12 жаштагы кыз менен 6 жаштагы бала суу агымы менен агып кеткен.

Буга чейин жүргүзүлгөн издөө иштеринин натыйжасында 12 жаштагы кыздын сөөгү табылган.