Экс-депутат Кубанычбек Конгантиев үй камагына чыгарылды


Жогорку Кеңештин экс-депутаты Кубанычбек Конгантиев үй камагына чыгарылды.

Мындай чечимди Бишкек шаарынын Ленин райондук соту чыгарган.

Экс-депутат март айында кармалган. УКМК маалымдагандай, Конгантиев жер тилкелерине байланышкан мыйзамсыз схемаларды уюштурууга шектелүүдө.