Жабырлануучу аял милицияга 20-июнда кайрылган. Анын айтымында, бир күн мурун мурдагы күйөөсү аны Свердлов районуна караштуу Дачное айылындагы үйлөрдүн биринде сабап салган.
Милиция Кылмыш-жаза кодексинин «Кыйноо» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Шектүү катары 1985-жылы туулган эркек киши кармалып, убактылуу кармоочу жайга (ИВС) киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

