Бүгүн Ош, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын күтүлөт. Күндүз өлкө аймагынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +28…+33, Таласта +29…+31, Ош, Жалал-Абад облустарында +32…+37, Баткенде +30…+35, Ысык-Көл аймагында +26…+31, Нарын регионунда +25…+30 градуска жетет.
29-июндан 30-июнга чейин күндүн ысышына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, сел жүрүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +31…+33, Ош калаасында +33…+35, Чолпон-Ата шаарында +25…+27 градусту көрсөтөт.

