Жашы жете элек кызга ыдык көрсөттү деген шек менен 35 жаштагы киши кармалды


Борбор калаада коомдук транспортто жашы жете элек кызга ыдык көрсөттү деген шек менен 35 жаштагы киши кармалды. Бул туурасында шаардык милициядан билдиришти.

Мурдараак социалдык тармакка автобуста эркек киши кичирээк кыздын санына колун коюп алып бараткан учурдун видеосу тараган. Бул окуя боюнча Бишкек шаардык милициясы 35 жаштагы шектүүнү кармаганын кабарлады.
Тартип сакчылар кыздын апасы арыз менен кайрылып, учурда бул факт боюнча тергөө жүрүп жатканын билдиришти.
Милиция эгерде мындай фактылар кездешсе, элдин кайдыгер болбой 102 номерине чалып, кабарлоого чакырды. Бул өзгөчө, жашы жете электерге жасалс токтоосуз реакция жасалышы керектигин кошумчалашты.