Эми WhatsApp номурлардын ордуна колдонуучу аттарды киргизет


Meta WhatsApp тиркемесинде колдонуучу аты функциясын ишке киргизип жатат. Функция толук ишке киргенден кийин биринчи байланышта маектештер телефон номерин эмес, аккаунт ээси тандаган username атын көрө алышат.

WhatsAppка катталуу мурдагыдай эле телефон номери аркылуу жүргүзүлөт, бирок номер башка колдонуучулардан жашырылат. Колдонуучу атын азыртан эле «Жөндөөлөр» → «Аккаунт» → «Колдонуучу аты» бөлүмүнөн резервге коюуга болот. Ал эми username аркылуу байланышуу мүмкүнчүлүгү жакынкы айларда этап-этабы менен жеткиликтүү болот.