Кыргызстанда «Бала ырысы» жөлөк пулуна арыздарды кабыл алуу башталды


1-июлдан тарта Кыргызстанда 3 жашка чейинки балдар үчүн ай сайын берилүүчү «Бала ырысы» жөлөк пулуна арыз кабыл алуу башталды. Төлөмдүн өлчөмү ар бир балага айына 1200 сомду түзөт.

Арызды мобилдик тиркеме же Эмгек министрлигинин аймактык башкармалыктары аркылуу берүүгө болот. Июль айында арыз тапшыргандар төлөмдү августтан тарта ала баштайт. Каражат «Элдик Банк» жана «А Банк» аркылуу төлөнөт. Арыз үчүн ата-эненин паспорту жана баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү керек. Кабыл алуу башталгандан бери 1000ге жакын арыз түшкөн.