2-июлга карата аба ырайы


Бүгүн күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр жаап, күн күркүрөп, айрым жерлерде жаан-чачын катуу болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +28…+33, Талас менен Нарын региондорунда +24…+29, Ысык-Көлдө +23…+28 градуска жетет.
Бишкек менен Ошто түнкүсүн ала булут каптайт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөйт. Ал эми Чолпон-Атада мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте жана Ош калаасында +30…+32, ал эми Чолпон-Атада +26…+28 градуска көтөрүлөт.