Лейлек районунда жердин кыртышын бузган адам айыпка жыгылды


Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Баткен облусу боюнча аймактык башкармалыгы тарабынан Лейлек районунун Раззаков шаарынын А. А.  аттуу тургуну жайыт жерин мыйзамсыз пайдалануу фактысы аныкталды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө жаран өз алдынча короо куруу максатында 600 чарчы метр жайыт жердин кыртышын бузганы белгилүү болду.

Аталган мыйзам бузуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-январындагы №25 токтомуна ылайык административдик протокол түзүлүп, 5 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Мындан тышкары, 600 чарчы метр жайыт жерге келтирилген зыян үчүн 84 200 сом өлчөмүндө доо эсептелип, мыйзамдын талаптарына ылайык өндүрүү чаралары көрүлүүдө.

Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат жарандарды жер мыйзамдарын так сактоого, жайыт жерлерин өз алдынча ээлеп албоого жана алардын кыртышын мыйзамсыз бузбоого чакырат.