Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майлардын баасы өзгөрбөйт


Энергетика министринин орун басары Насипбек Керимовдун айтымында, өлкөнү күйүүчү май менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн чет өлкөлөр менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Мындан тышкары, товардын сапаты, баасы жана логистика маселелери каралууда.

“Учурда бизге сунушталган баалар ар түрдүү. Бирок күйүүчү май кымбат болгон күндө да, ички рынокто анын тартыштыгы болбошу шарт. Өкмөттүн чечими менен субсидиялоо маселеси каралган. Эгерде нефтетрейдерлер продукцияны белгиленген баадан кымбат алып келе турган болсо, айырмасын өкмөт субсидиялап берет. Бул үчүн атайын каражат бөлүнгөн”, – деди Керимов “Биринчи радиодогу” маегинде.

Маалым болгондой, өлкө боюнча баага күн сайын мониторинг жүргүзүлүп турат. Бааны негизсиз жогорулаткандарга айып пул салынат.