Касымалиев Россиянын өкмөт башчысы Мишустин менен жолукту


Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Россияга болгон иш сапарынын алкагында РФ өкмөт башчысы Михаил Мишустин менен жолукту. Бул тууралуу Россия өкмөтү кабарлады.

Сүйлөшүү «Иннопром-2026» көргөзмөсүнүн алдында өтүп, анда соода, транспорт жана экономиканын башка тармактарындагы кызматташтык маселелери талкууланды.
Мишустин эки өлкөнүн алакасына жаңы дем бере турган идеялар жана инновациялык долбоорлор ишке ашарына үмүт артарын билдирди. Тараптардын сүйлөшүүлөрү бүгүн да уланат.
Эскерте кетсек, Касымалиев Екатеринбург шаарына кечээ барган. Минкаб төрагасы «Иннопром» эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө катышып, иш-чаранын пленардык жыйынында сөз сүйлөйт.
Көргөзмөдө металлургия, өндүрүш жана санариптик технологиялар, машина куроо, өнөр жайды автоматташтыруу тармактарында иштеген компаниялар көрсөтүлөрү айтылган.
Иш-чара 9-июлда жыйынтыкталат.
Булак: Спутник.кж