Эльмира Раззакова Сүлүктү шаарынын эли жана мамлекеттик кызматкерлер менен жолукту. Сүрөттөр


Эльмира Раззакова Сүлүктү шаарынын эли, шаар жетекчилиги жана мамлекеттик кызматкерлер менен жолугуп, жылуу маанайдагы баарлашуу өткөрдү. Иш-чара Сүлүктү шаардык маданият үйүндө уюштурулуп, анда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана саясий ишмери, Кыргыз Республикасынын Баатыры Исхак Раззаковдун мамлекеттин өнүгүшүнө, элдин бакубат жашоосу үчүн жасаган тарыхый эмгектери кеңири эскерилди. Бул тууралуу КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

    

 

   

 

Жолугушуунун жүрүшүндө режиссер Алим Токторовдун «Исхак Раззаков» аттуу даректүү тасмасы көрсөтүлүп, катышуучулар улуу инсандын өмүр жолу жана мамлекеттик ишмердиги тууралуу кеңири маалымат алышты.

Ошондой эле шаардык маданият кызматкерлери тарабынан концерттик программа тартууланды. Иш-чарага катышкан шаар тургундары Эльмира Раззаковага жылуу каалоо-тилектерин билдирип, атасы Исхак Раззаковдун эл үчүн жасаган эмгеги эч качан унутулбасын белгилешти.

Өз кезегинде Эльмира Раззакова Сүлүктү элинин жылуу кабыл алуусуна ыраазычылык билдирип, атасынын эл арасындагы кадыр-баркын жана анын жаркын элесин сактап келген баткендиктерге терең ыраазы экенин айтты.

Эльмира Раззакованы Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максатай Каримбердиева коштоп жүрөт.

Маалым болгондой, бүгүн, 6-июлда, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана саясий ишмери, Кыргыз Республикасынын Баатыры Исхак Раззаковдун кызы Эльмира Раззакова жана небереси Берк Раззаков Баткен облусуна иш сапары менен келишкен. Сапардын алкагында алар Исхак Раззаковдун күмбөзүнө зыярат кылып, анын ысымын алып жүргөн билим берүү мекемелеринде, ошондой эле жергиликтүү тургундар менен бир катар жолугушууларды өткөрүшүүдө.