Айыл чарба министрлиги менен жеңил байланышуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. 1210го чалыңыз


Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жарандар үчүн 1210 байланыш номери иштеп жаткандыгын эскертет.
Бирдиктүү колл-борбор аркылуу жарандар мамлекеттик колдоо программалары боюнча ыкчам маалымат алып, жеңилдетилген насыялар, субсидиялар жана айыл чарба техникаларын лизингге алуу боюнча кеңеш ала алышат.
Ошондой эле 1210 номери аркылуу ирригация, өсүмдүктөрдү коргоо, ветеринария, асыл тукум чарбачылыгы, продукцияны кайра иштетүү, сертификаттоо жана экспорт маселелери боюнча маалымат берилет.
Байланыш номери иш күндөрү 9:00-18:00 чейин иштейт. Өлкөнүн бардык операторлорунан чалуу акысыз.