Шейшембиде Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Түнкүсүн республикада жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +32…+37, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +33…+38, Таласта +28…+33, Ысык-Көл облусунда +20…+25, Нарын регионунда +22…+27 градуска жетет.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкек шаарында +34…+36, Ошто +35…+37, ал эми Чолпон-Атада +22…+24 градусту көрсөтөт.

