Чүйдө 1 тоннага жакын жапайы кара куурай өрттөлдү


Чүй облусунда курамында баңгизат бар өсүмдүктөрдү жок кылуу боюнча кезектеги рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, «Кара куурай-2026» аталышындагы ыкчам-профилактикалык иш-чаранын алкагында Чоң-Кемин айыл аймагында өскөн жапайы маңзат өсүмдүгү аныкталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жалпы аянты 0,5 гектарды түзгөн жерден салмагы болжол менен 1 тоннага жакын жапайы кара куурай чабылып, өрттөө жолу менен толугу менен жок кылынды.

Белгиленгендей, бул иш-чаранын негизги максаты курамында баңгизат бар өсүмдүктөрдүн мыйзамсыз жайылышына бөгөт коюу, ошондой эле баңгизаттарды мыйзамсыз даярдоонун жана жүгүртүүнүн алдын алуу болуп саналат. Аймактарда бул багыттагы текшерүү иштери улантылууда.