Чувашия менен айыл чарба тармагындагы кызматташтык талкууланды


2026-жылдын 10-июлунда Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу жетектеген кыргыз делегациясы Россия Федерациясынын Чуваш Республикасындагы Чебоксары шаарында өткөн «Асыл тукум мал чарба күндөрү» эл аралык иш-чарасына катышты.
Иш-чаранын негизги темасы – «Өзүн-өзү жөнгө салуу шарттарында тармакты өнүктүрүү, биологиялык коопсуздук практикасы, селекциялык маалыматтар менен иштөө жана мамлекеттик маалыматтык системаларды колдонуу» болду.
Аталган форум жыл сайын «ЧебоМилк» ЖЧКсынын базасында өткөрүлүп, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн, айыл чарба ишканаларын, тармактык ассоциацияларды жана асыл тукум мал чарба боюнча адистерди бириктирет. Быйылкы иш-чарага Россия Федерациясынын ар кайсы аймактарынан, ошондой эле чет өлкөлөрдөн, анын ичинде Кыргыз Республикасынан келген 170тен ашуун өкүл катышты.
Иш сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Россия Федерациясынын Чуваш Республикасынын Айыл чарба министрлигинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.
Меморандум эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө, асыл тукум мал чарбасын өркүндөтүүгө, тажрыйба жана инновациялык технологияларды алмашууга, ошондой эле мал чарба тармагындагы өз ара пайдалуу байланыштарды кеңейтүүгө багытталган.